Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:54

Кытайдын Хьюстондогу консулдугун жабуу тууралуу буйрук чыңалууну курчутту


Кытайдын Хьюстондогу консулдугу. АКШ, 2010-жыл
Кытайдын Хьюстондогу консулдугу. АКШ, 2010-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын дагы башка консулдуктарын жабууга "буйрук бериши мүмкүн" экенин билдирди. 22-июлда Мамлекеттик департамент Кытайдын Хьюстондогу консулдугун жабууга 72 саат мөөнөт берген. Жана бул чараны америкалык интеллектуалдык менчикти, жеке маалыматтарды «коргоо» зарылдыгы менен түшүндүргөн. Анын алдында кытайлык эки жаранга киберчабуул коюу менен коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн жүрүп жаткан изилдөөлөрдү уурдоого аракет көрүшкөн деген айып тагылган.

Бээжин Вашингтондун кадамын айыптап, бул - ортодогу чыңалууну ого бетер күчөтөрүн, чечим өзгөртүлбөсө тиешелүү жооп кайтарыларын эскертти.

Эки держава ортосундагы мамилелер акыркы мезгилде улам курчуп баратат. АКШ Кытай коронавирустун коркунучу тууралуу маалыматтарды "жаап-жашырган, Гонконгдогу эркиндиктерди жана адам укуктарын чектөөдө, Шинжаңдагы мусулмандарды лагерлерге жана абактарга салып жатат" деп айыптап келатат.

Сенаттын Чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы, республикачыл Марко Рубио Хьюстондогу консулдук Кытай Коммунисттик партиясынын "тыңчыларынын кеңири жана борбордук түйүнү болчу" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG