Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Пакистандык ыктыярчыны сабады деп шектелген үч киши бир айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө пакистандык ыктыярчынын сабалышына шектүүлөр, Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу менен Бишкек шаарынын 30 жаштагы эки тургунунун (Д.А. жана К.Б.) бөгөт чарасын караган сот аларды бир айга камакка алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

20-июлда Интернетте Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы катары иштеп жаткан пакистандык Шах Аббас Али белгисиз адамдар тарабынан сабалды деген видео жарыяланган.

Ошол эле күнү Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымат таратып, 19-июлдун кечинде Пакистандын 22 жаштагы жараны арыз менен кайрылганын кабарлаган. Ал Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында аны бейтааныш бирөөлөр эч себепсиз сабаганын билдирген жана аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Ушундай эле арыз менен дагы үч адам кайрылган. Милиция окуя болгон жерге дароо барганда баары таркап кетишкендиги маалым болгон.

Окуяга шектүүлөр 21-июлда кармалган.

Бул факт Аламүдүн РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү («Бейбаштык») боюнча катталган. Сотко чейинки териштирүү уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG