Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:28

Коронавирус бар экенин ырастабаган Түркмөнстан карантинге жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуучу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө жапты. "Азаттыктын" түркмөн кызматы, эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо талабы коюлганын жазды.

Ооруканалар пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калды, медициналык кызматкерлер оорудан көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышат.

Өлкөдө темир жолдо каттам токтоду. Саламаттык сактоо тармагынын адистери жарандарга беткап кийүү керектигин эскертти.

Бийлик мындай чараларды жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери менен түшүндүрүп жатат.

Журналисттер ишенимдүү булактарга таянып, бейтаптар коронавируска тест тапшырып жатканын, көбүнүкү ырсталганын билдиришти.

Мындан бир канча күн мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Түркмөнстанга келип кеткен өкүлдөрү Ашхабадды бир катар чараларды көрүүгө чакырган. "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларда өпкөсү кагынган бейтаптар көбөйгөнүн жазды.

Ашхабад өз өлкөсүндө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин расмий бышыктай элек.

XS
SM
MD
LG