Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

Жалал-Абадда он үйдү сел каптады


Кыргызстандагы сел каптаган айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы сел каптаган айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаандын кесепетинен 20-июлдун кечинде Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагындагы кокту-колоттордо сел жүрүп, Саргата айылында 10 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мындан сырткары ушул эле айылдагы ички чарбалык жолду, көпүрөнү да кыян каптады. Жол каттамы ачык, автоунаалар кыйынчылык менен өтүп жатканы айтылды.

Кырсык болгон жерде ӨКМдин райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана жергиликтүү тургундар тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. 21-июлда да жумуш уланып жатат.

19-июлда Нарын, Ысык-Көл, Ош облусунун айрым аймактарында сел жүрүп, бир нече үйдү жана жолду басып калган.

Мурдараак «Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратып, 2020-жылдын 18-19-20-23-июлундагы туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG