Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Ырчы Малик Аликеевге эки жолу операция жасалды


Малик Аликеев жана Азамат Жаманкулов. 2020-жыл, 20-июль.
Малик Аликеев жана Азамат Жаманкулов. 2020-жыл, 20-июль.

Ырчы Малик Аликеевдин жамбаш сөөгүнө эки жолу операция жасалды. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан ырчынын ден соолугу жакшы экенин жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарыларын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

20-июлда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Малик Аликеевден кабар алган.

Бир ай мурун Малик Аликеевдин төшөктө отуруп алып ырдаган ыры социалдык тармактарда тарап, коомчулук анын саламаттыгына тынчсызданган.

Элге таланты менен таанылган Малик Аликеев көбүнчө улуттук ырларды аткарат. (TSh)

XS
SM
MD
LG