Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:54

Даниил Кислов: Азимжан Аскаров абакта катуу ооруп жатат


Азимжан Аскаров соттук отурумда. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров соттук отурумда. Архивдик сүрөт.

Эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов Кыргызстанда абакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгы оорлоп кеткенин билдирип, аны бошотууга чакырды. Бул тууралуу маалыматты журналист 20-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылып, түрмөдө отурган укук коргоочу жана журналист, биздин досубуз жана кесиптешибиз Азимжан Аскаров катуу ооруп жатат жана өзүн абдан начар сезүүдө. Менин жеке булагым кабарлагандай, анын дене табы он күндөн бери көтөрүлүп жатат, ал өтө оор дем алып, төшөгүнөн дээрлик тура албай калды. Ал эч кандай медициналык жардам ала албай жатат, диагнозу да белгисиз»,-деп билдирүү калтырды Даниил Кислов.

Журналист Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигинен укук коргоочуга медициналык көмөк көрсөтүүсүн талап кылып, Кыргызстандын президентин жана өкмөтүн Азимжан Аскаровду адамгерчилик кылып тез арада бошотуп коюуга чакырды.

ЖАМКнын басма сөз катчысы Самат Калыков Азимжан Аскаровдун саламаттыгы тууралуу айтылгандарды төгүнгө чыгарып, анын ден соолугу жайында экенин «Азаттыкка» тактады. Ал укук коргоочуну дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлгө алып жатканын, температурасы көтөрүлбөгөнүн, дем алуусу талаптагыдай экенин кошумчалады. «Тарапташтары көңүл бурдуруу үчүн кандайдыр бир акция кылып жаткандай сезилет. Көрбөй туруп көзү ачыктык кылуунун кереги жок. Аскаров ооруп жатат деген сөз жалган»,-дейт Калыков.

13-июлда да Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов кардары ооруга чалдыкканына байланыштуу абактан чыгарууну Жаза аткаруу кызматынан талап кылган. Мекеме анда абактан чыгаруу өтүнүчүн адвокат сотко жолдошу керектигин, ЖАМК чечимди аткаруучу орган гана экенин кабарлаган.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата буга чейин чыккан өкүмдү күчүндө калтырган. 69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет. Аскаров өзү күнөөсүз экенин билдирип жүрөт. Ал камалганга чейин Жалал-Абадда күч органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп жүргөнү менен белгилүү болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG