Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

COVID-19: Кербен шаарына кирүүгө чектөө киргизилди


Жалал-Абад облусу. Архивдик сүрөт. 2020-жылдын апрель айы.
Жалал-Абад облусу. Архивдик сүрөт. 2020-жылдын апрель айы.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Аксы райондук штаб райондун борбору - Кербен шаарына кирүүгө чектөө киргизген чечим кабыл алды. Бул тууралуу район акиминин орун басары Нуртаза Мамбетов "Азаттыкка" билдирди. Акимдин орун басарынын айтымына караганда мындай чечимге элдин агымынын көп болуп жаткандыгы негиз берген.

Өткөн жумада райондук бийлик Сары-Челек жана Падыша-Ата эс алуу жайларына кирүүгө чектөө киргизген.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Аксы районунда коронавирус илдети менен 49 бейтап катталып, эки киши каза болду.

Март айынан бери өлкө боюнча инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты. (RsK)

XS
SM
MD
LG