Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

Хабаровскидеги митингге 50 миңдей адам чогулду


Хабаровск. Ыраакы Чыгыштын губернатору Сергей Фургалды камактан чыгарууну талап кылган митинг.
Хабаровск. Ыраакы Чыгыштын губернатору Сергей Фургалды камактан чыгарууну талап кылган митинг.

Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Хабаровск шаарында чөлкөмдүн оппозициячыл губернатору Сергей Фургалды камактан бошотууну талап кылган көчө акциялары 9 күндөн бери уланып жатат. Бул жекшембиде демонстранттардын саны 50 миңден ашканы кабарланды. Бул Хабаровск шаарынын тарыхындагы эң ири митинг деп бааланууда. Ал эми жергиликтүү полиция митингчилердин саны тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек.

Жекшембидеги митингде «Эркиндик» жана «Мен/биз Фургал» деген ураандарга эми саясий туткундардын аттары да кошулду. Нааразылык акциянын катышуучулары шаардын борбордук көчөсүнө толо жөө келип, өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын алдына топтолушту. Жергиликтүү полиция пикетке чыккандарга тоскоолдук кылган жок.

Би-Би-Синин орус кызматы өкмөттүн Ыраакы Чыгыштагы өкүлү жергиликтүү мекемелерге митингчилердин санын азайтуу тапшырмасын берген деп билдирди. Андан соң коронавируска каршы күрөш боюнча федералдык штаб Хабаровскини "Орусиядагы вирус эң көп тараган шаар" деп атады. Орусиянын атайын кызматы ФСБ "митинг террористерге эң ыңгайлуу бута болуп берип жатат" деп билдирди. Хабаровск шаарынын мэри "калаа тургундары акциядагы ызы-чууга байланыштуу даттанып жатат" деп чыкты. Ошол эле учурда ооруканалардын дубалына «Мен/Биз тынчтыкты талап кылабыз» деген жазуулар илинди.

Ал арада Хабаровскинин тургундарына Ыраакы Чыгыштагы башка район жана шаарлардын жашоочулары да кошулду. "Азаттыктын" жергиликтүү кабарчысынын эсеби боюнча Фургалды колдоп, Владивостокто миңдей, Благовещенск шаарында эки жүзгө жакын адам топтолду.

Ыраакы Чыгыш крайынын губернатору Сергей Фургал 9-июлда Хабаровскиде кармалып, Москвага алып келинген. Москва соту аны эки айга камакта калтырган. Ал 15 жыл мурун ишкерлерге кол салуу уюштурган деп айыпталууда. Фургал өзү бул айыптоолорду мойнуна алган жок.

Фургал али күнгө чейин губернатор кызматында кала берүүдө. Азырынча анын ордуна милдетин аткаруучу дайындала элек.

Фургал Орусиядагы "Бирдиктүү Орусия" партиясына мүчө болбой туруп, шайлоодо жеңип кызматка келген аз гана губернаторлордун бири.

XS
SM
MD
LG