Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:16

Мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев каза болду


Николай Танаев.
Николай Танаев.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Николай Танаев 75 жаш курагында узакка созулган оорудан улам Орусияда каза болду. Бул тууралуу экс-премьердин жакындары “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын сөөгү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жерге берилет.

Николай Танаев 2002-жылдын 30-майынан 2005-жылдын 24-мартына чейин Кыргызстандын өкмөт башчысы болгон. Ал март окуясында ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бийлиги кулаганда кызматынан чегинип, Орусияга чыгып кеткен.

2003-жылы Николай Танаевдин өкмөтү тарабынан түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калганы айтылып келген. Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров ошол келишимди түзгөн Николай Танаевге кылмыш иши козголгонун айткан. Бирок бул кылмыш иштери акырына чыккан-чыкпаганы белгисиз.

Танаев Кыргызстандан кетип калгандан кийин Орусияда «Газпромнефть» компаниясында иштеген.

XS
SM
MD
LG