Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Белгилүү бал челекчи Казим Каракетов пневмониядан каза болду


Казим Каракетов.
Казим Каракетов.

Кыргызстандын балын экспорттоого чоң салым кошкон, “Бал челекчилер биримдигинин” президенти Казим Каракетов 17-июлда 49 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Бул тууралуу аталган биримдиктен маалымдашты. Маалыматка караганда, анын эки өпкөсү тең кагынып, каза болгон.

Кыргызстандын “Бал челекчилер биримдиги” Каракетовдун эмгеги менен 2008-жылы түзүлгөн. Кийинчерээк аталган биримдик бал челекчилердин бир катар эл аралык уюмдарына мүчө болгон.

Казим Каракетовдун эмгегинин натыйжасында Кыргызстанда өндүрүлгөн бал “Кыргыз балы” деген бренд менен дүйнөлүк базарга чыккан. Ондогон алыскы, жакынкы чет мамлекеттерге экспорттолуп турган. “Кыргыз балы” 2013-жылы Украинада “Шериктештик калканы” деп аталган сынактын баш байгесине ээ болгон. Андан тышкары үч алтын, эки күмүш медал алган.

Кийинки жылдары Түркияда, Казакстанда, Канадада, Британияда өткөрүлгөн сынактарда байгелүү орундарга жетишкен.

Казим Каракетов өндүргөн бал Эл аралык сынактарда мыкты сапаты үчүн 43 сыйлыкка татыктуу болгон.

Кыргызстанда 17-июлга карата коронавирус 603 адамга жукканы аныкталды, 6 киши каза болду. Вирусту жугузгандардын жалпы саны - 13 101. Көз жумгандардын жалпы саны 173. Илдеттен жалпысынан 6096 адам айыкты. Изоляцияда 6 017 адам бар. Стационарда 709 бейтап дарыланууда. 21 адам реанимацияда жатат.

Пневмония жуккандардын жалпы саны 10 682, бир күндө 1051 адамга жукту. 77 адам кайтыш болду. 3314 адам айыкты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG