Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Жылкынын этинен, иттин сорпосунан даба издегендер


Ош базары.
Ош базары.

Коронавирус илдети кулач жайган сайын кыргызстандыктар дартка дабаны ар кандай азыктардан издей баштады.

Айрымдар «өпкө оорусун айыктырат экен» деп иттин этин жесе, айрымдар «иммунитетти түшүрбөй бир калыпта сактайт» деп бээнин сүтүн ичүү үчүн жайлоого качып жатат.

Ат-Башы районунда ушул тапта жылкы көп союлуп жатканы байкалат. Жергиликтүүлөрдүн арасында «бул жаныбардын этин жеп, шорпосун ичкендер коронавирус илдетине моюн бербейт экен» деген кеп тараган.

«Жайлоого барып, бээнин сүтүн ичип, организмди тазалап келебиз» деп тоого чыгып кеткендер да жок эмес.

Ат-Башы районунун тургуну Азат Курманбаев быйыл башка жылдарга салыштырмалуу жылкы байлап, бээ саагандар көп экенин белгиледи.

Жайлоо.
Жайлоо.

«Биздин Арпа, Ак-Сай аттуу жайлоолорубуз бар. Жыл сайын ал жакка саналуу кишилер эле чыгып жайлап келишчү. Жылкылардын көбү байланчу эмес. Күзүндө кулуну өңдүү болсун деп агытып жиберчү элек. Быйыл бээ саагандар өзгөчө көп. Шаардан жайлоого кымыз ичкени келип атышат. Мисалы, мурда бир малчы отурган жерге азыр кыдырата тизилип он чакты боз үй тигилди. Ар биринде өзүнчө желе бар. Мындан сырткары жылкы сойгондор да жылдагыдан көп. Эл жылкынын этин көп алып жатат. 1 кило эттин баасы 300-330 сомдон болууда. Жаздан бери эле биздин айылда 50-60дай жылкы союлду окшойт. Жылкынын эти менен кымыз көп оорутпайт деп жатышат го. Биз үй-бүлөбүз менен жыл сайын 15 күнгө жайлоого чыгып сүт ичип келебиз».

Адистер бээнин сүтү жана кымыз С витаминге бай экени илимий чөйрөдө тастыкталганын айтып келишет. Мындан сырткары жайлоого чыгып, таза абада, тынч аймакта эс алуу да ден соолукка пайдалуу экенин белгилешет.

Диетолог Бактыгүл Иманкулова кымыз ичүү тартиби тууралуу буларга токтолду.

«Көпчүлүк кымыз ичкени тоого жылда эле барышат. Ошондуктан элден обочолонуу да вирус жуктуруп алуу тобокелдигин азайтат. Экинчиден, таза аба иммунитетке оң таасирин тийгизет. Биз «Туура тамактануу институтундагы» казак кесиптештирибиз менен бирге кымыздын пайдасын иликтеп чыкканбыз. Кымыз – бул жаныбардан алынган азыктардан С витамини бар жападан жалгыз азык. Кымыз – адамдын организмин чыңдайт. Ал эми күн ысыкта эт азыктарын жеген адамдын ашказанына оор болот. Этти күн суук кезде жеген пайдалуу».

Анткен менен айрым медицина адистери вирус күчөп турган маалда шаардыктарды жайлоого барбай турууга чакырышууда. Буга инфекция өнөкөт оорусу бар адамга жукса, кымыз, сүт сактай албай турганын жүйө келтиришип, экинчиден, бейтапты шарттын жоктугунан жана жолдун алыстыгынан ооруканага алып келгиче кеч болуп калышы мүмкүн экенин эскертишет.

Айылдыктар минтип дартка дабаны жылкынын эти менен кымыздан издеп жаткан чакта Бишкек шаарындагы корей ашканаларынан иттин этинен жасалган сорпону сурагандар көбөйгөнү айтылууда.

Бишкек шаарынын атын атагысы келбеген тургуну дене табы көтөрүлүп, башы ооруп он күндөй төшөктө жаткан. Ал тааныштарынын көрсөтмөсү менен борбор калаадагы ашканалардын биринен иттин эти кошулган тамакты сатып жеген. Көп өтпөй абалы жакшы болуп калганын айтты. Бирок аны менен вируска каршы дарыларды кошо ичкендиктен дартка эмне даба болгонун так билбейт.

«Төрт күн тура албай жаттым. Жыт менен даам сезбей калдым. Дене табым көтөрүлүп, алым кетип калды. 103кө жана 118ге чалдым. Ал жактан дары ич деп айтышты. Эргефорон жана башка дарыларды ичтим. Коңшуларым да оорушту. Алар иттин этин жегенин айтышты. Мен дагы корей ашканасынан 180 сомго иттин этин алып келип жедим. Аябай тердедим. Күчтүү болот экен. Бирок ага кошуп дарыларды да ичкендиктен эмнеден айыкканымды билген жокмун. Азыр баары жакшы. Сакайып кеттим».

Кыргызстандын мыйзамдары ит-мышыктын жана экзотикалык жаныбарлардын этинен тамак жасоого тыюу салат. Тагыраагы, мындай эттин сапатын, тазалыгын аныктай турган лаборатория жок. Ошондон улам "балким эт жолбун иттики болуп калсачы?" деген шек саноолор дагы айтылып келет.

Ошентсе да эл ичинде «иттин эти коронавирус илдетин айыктыра алабы деген» пикир кызуу талкууланууда. Буга диетолог Бактыгүл Иманкулова мындайча жооп берди.

«Иттин этин оболу кургак учукту дарылаш үчүн колдонуп жүрүшөт. Бирок аны чаташтырбаш керек. Кургак учук бул бактерия. Ал эми азыркы илдет вирус. Ошондуктан иттин эти вирусту жеңе албайт. Бул эт абдан күчтүү болот. Аны жеген киши сөзсүз тердейт. Ушундан улам алар өздөрүн алаксытып, ошого ишенип алат. Күндүн ысыгында күчтүү тамак жесе организм кыйналат. Ошондуктан ар кимдин сөзүнө ишенип алып, вирусту жеңебиз деп эле ар кайсы ыкманы колдоно бергени болбойт. Вирус жугузуп ооруп жатканда күчтүү тамак жегендин ордуна суюктукту көп ичүү керек. Ал ички органдардагы вирусту сыртка алып чыгууга көбүрөөк жардам берет».

Адистер иммунитетти түшүрбөй бир калыпта сактап турууга жер-жемиштер жардам бере турганын, бирок аны да чени менен жеш керектигин айтышууда.

Ушуну менен катар эле коронавируска каршы хрен өсүмдүгүнүн тамырын майдалап, сарымсак менен лимонду аралаштырып ичүү ыкмасын колдонуп жүргөндөр арбын. Айрымдар «арчанын бүрүн кайнатып ичсе да пайдалуу болот» деп ишенип алышкан.

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин микробиологу Руслан Адил жашылча жемиштин пайдасы жана аларды туура колдонуу тууралуу буларды айтты.

«Иммунитетти бир калыпта сакташ үчүн туура тамактануу зарыл. Ал организмге жеңил болушу керек. Эмне үчүн адамдын иммунитет кышында түшүп кетет? Анткени адамдын организминде бизге көрүнбөгөн стресстер болот. Ошондуктан дене тынчтыкты каалайт. Мезгилге жараша туура тамактануу абзел. Маселен азыр витаминдерге бай жер-жемиштер бышып жатат. Мен ушул азыктар менен тамактанууну сунуштайт элем. Ал эми азыр сыркоолоп калгандар болсо жеңил шорпо ичиши керек. Анткени азык адамдын организминде бат сиңиши керек».

Дабаны азыктан издегендерден тышкары соңку бир нече күндөн бери интернетте коронавирустан өпкөсү кагынгандарга «кан чыгарып, хижама жасатуу даба экени» тууралуу видео тарап жатат. Адистер бул ыкма «коронавирус болгон адамдын абалын оорлотуп жибергенден башка бир да таасири жок» деп эскертишүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG