Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:24

Муфтият маркумду жерге берүүдө санитардык чараларды сактоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) коронавирус илдети жугуп каза болгон жаранды жерге берүүдө бардык санитардык чараларды сактоого чакырды. Бул тууралуу муфтияттын сайтында жазылды.

Муфтият маркумду акыркы сапарга узатууда эң жакын туугандарынын катышуусуна гана аралыкты сактап жаназа намазын окуп, беткап сыяктуу санитардык чаралар көрүлүшү керек экенин эскертти.

Мусулмандар дин башкармалыгы кырдаалга жараша маркумдарды жерге берүү боюнча буга чейин фатва чыгарганын белгилеп, андагы эрежелерди так сактоо чакырды. Ал эрежелерди окуу үчүн бул жакты басыңыз.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 14-июлда тараткан эскертүүдө вирус абада кеминде 3-4 саат жашай аларын, эгер тийиштүү эрежелер так сакталса зыянды азайтса болорун билдирген. Ооруканада үзүлгөн бейтаптын сөөгү өлүкканадан жуулары, кепинделип, полиэтиленге оролуп, зарыл болсо ошол жердин короосунан эле жаназасы окулары жана аны дароо көрүстөнгө алып кетүү зарыл экени айтылган. Сөөктү ачып, кармап, өбүүгө тыюу салынат.

Штаб сөөк атайын автоунаа менен гана жеткирилиши керектигин белгилеп, коронавирустан каза болгондор үчүн өзүнчө көрүстөн ачуу зарылчылыгы жоктугун билдирген.

Штабдын акыркы статистикасына караганда, 17-июлга карата бир суткада COVID-19 диагнозу 1 миң 654 адамга коюлду. Жалпысынан, коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул ооруга чалдыккандардын расмий саны 23 миң 783 болду. 785 бейтап каза болду. 17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады. (TSh)

XS
SM
MD
LG