Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

Ошто дарыгер Темиркан Жарматова коронавирустан каза тапты


Маркум Темиркан Жарматова мамлекеттик сыйлык алган учуру. (Сүрөт кесиптештеринин архивинен алынды).
Маркум Темиркан Жарматова мамлекеттик сыйлык алган учуру. (Сүрөт кесиптештеринин архивинен алынды).

Ош шаарындагы облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчисинин орун басары Темиркан Жарматова 64 жаш курагында оорудан каза тапты. Бул тууралуу кесиптештери “Азаттыкка” маалымдашты.

Кесиптештери Темиркан Жарматова бир нече жыл ооруканада жетекчинин орун басары, бөлүм башчысы болуп иштегенин, анын мыкты уюштуруучу, өз ишин жакшы билген кесипкөй дарыгер экенин белгилешти.

Маалыматтарга караганда, Темиркан Жарматова COVID-19 илдетине чалдыкканы аныкталган.

8-июлда Оштогу облустар аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн башчысы Жангара Абдыхаликов пневмониядан каза болгон.

Расмий маалыматка караганда, 16-июлда өлкө боюнча 96 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпысынан республикада 2076 медициналык кызматкерден коронавирус табылып, анын 583ү айыкты.

Өкмөт алты медициналык кызматкер коронавирус менен күрөшүп жүрүп, илдет жуктуруп алгандан кийин каза болгонун маалымдаган. Бирок расмий эмес маалыматтарда коронавирус козгогон пневмониядан каза болгон ак халатчандардын саны мындан бир топ көп.

Өкмөттүн чечимине ылайык, иш учурунда вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG