Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Министр: Пандемия Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу зарылчылыгын көрсөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков пандемия шартында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылчылыгы пайда болгонун белгиледи. Айдарбековдун сөзүн Кытай жана Өзбекстан колдоого алды. Мындан тышкары талкууда Бээжиндин ишкер жана техникалык персоналдын ыңгайлуу өтүүсү үчүн экспресс-коридор, Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосунда трансчекаралык жүк агымы үчүн үзгүлтүксүз, жөнөкөйлөтүлгөн “жашыл коридор” түзүү жөнүндө сунушу да колдоо тапты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-июлда «Борбор Азия - Кытай» деп аталган видео-жолугушуу болуп өттү. Онлайн жолугушууга Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын тышкы иштер министрлери катышты. Иш-чара расмий Бээжиндин демилгеси менен уюштурулду. Жолугушууда тараптар COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүгө жана анын дүйнө жүзүнө жайылышын токтотууга тийиштүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле пандемия шартында экономиканы жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөктөшүү үчүн өз ара сооданы күчөтүү, кредиттик-инвестициялык кызматташууларды тереңдетүү зарыл деген пикирге келишти.

Кытай тарап Борбор Азиялык коңшуларынан жогорку сапаттагы жана органикалык азыктарды импорттоону кеңейтүү демилгесин кубаттады. Талкууда терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен бирге күрөшүү макулдашылып, Ооганстандагы тынчтык процессинин маанисине да токтолушту.

2020-жылдын 17-июнунда ««Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоор бир айдан кийин башталат" деп билдирген. Бирок эки күндөн кийин мамлекеттик ишкананын расмий сайты (Kjd.kg) «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бир айдан кийин башталат» деген кабарды өчүрүп салган. Кийинчерээк Транспорт министрлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга электигин маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG