Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Министрлик онлайн иштеп жаткан маданий мекемелердин тизмесин жарыялады


Опера жана балет театры. 2016-жыл.
Опера жана балет театры. 2016-жыл.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 16-июлдагы онлайн брифингде өлкөдөгү маданий мекемелер онлайн иштеп жатканын билдирди. Жаманкуловдун айтымында, театрлар 1-августтан баштап ачылары пландалган, бирок кырдаалга жараша алар дагы онлайн иштейт.

“Учурда карантиндик талапка ылайык, бардык маданий мекемелер жабык бойдон турат. Ошого карабастан иштер онлайн түрүндө аткарылып жатат. Китепканалар Интернет ресурстары аркылуу өз иштерин аткарууда”.

Министрдин айтымында, спектакль, көрсөтмөлөр онлайн уюштурулат. Алар маданият жана искусство мекемелеринин социалдык тармактарындагы баракчаларында жана төмөнкү сайттарда көрсөтүлөт.

www.rusteatr.kg

www.dramteatr.el.kg

www.mincult.gov.kg

www.goskino.kg

www.kyrgyzcinema.com

Социалдык тармактарда театрлардын Интернет баракчасы:

Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильмдин" YouTube каналындагы баракчасы.

Китепкана фондунун электрондук дарегине кирип, аудиокитептерди, электрондук китептерди көчүрүп окуса болот.

www.lib.kg

www.kyrlibnet.kg

www.neb.kg

www.mektep24.kg (окуу жайлары үчүн)

Музейлер дагы онлайн шартында иштейт.

www.artmuseum.kg

www.domfrunze.kg

www.museum.kg

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч адам 18-мартта аныкталган. 22-марттан тартып өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан тартып оору көп катталган айрым аймактарда өзгөчө абал киргизилген. 10-майдан баштап өзгөчө абал алынып, чектөөлөрдүн кыйласы жоюлган. (TSh)

XS
SM
MD
LG