Бишкекте суу тартыштыгынан улам эс алуучу жайлардагы көчөттөр куурай баштады. «Бишкек жашылдандыруу» ишканасынын маалыматына ылайык, калаа бир ай бою суусуз калган.
Бишкек шаарынын тургуну Татьяна жай саратанда үйдөгү бакчасын таза суу менен сугарганга аргасыз экенин айтып, ошол эле учурда көчөдө куурап бараткан бактарга кейиди.
«Мен күндө ичкен суубуздан алып эле короодогу гүлдөрдү, көчөттөрдү сугарып жатам. Үйдүн жанындагы арыкка көптөн бери суу келбей, жол боюндагы алма дарагы жана гүлдөр кургап калды. 1-2 жолу чака менен алып барып суу куйдум. Бирок ал жетпейт да. Жол боюндагы бак-дарактардын жалбырактары саргайып баратат. Азыр жайдын ортосу, күзгө чейин эле саргайып кеткени кандай болсун?».
Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек шаарындагы парктарда отургузулган жаңы көчөттөр жана көчө боюндагы бак-дарактар, чөптөр кургап жатканын жазышууда. Буга чейин Бишкектеги «Ынтымак» эс алуу багында кургаган чөптөр күйүп, өрт чыккан. 13-июль күнү Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ботаникалык бактын аймагындагы куураган чөп күйүп, өрт бакчанын жалпы 3000 чарчы метр аянтына жайылган.
Мэрияга караштуу «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева бир айдан бери суу жоктугунан улам ишкана кызматкерлери чакалап же суу ташуучу машине менен парктардагы бактарды сугарганын билдирди.
«Биз карантин болсо да иштеп жатабыз. Себеби жаратылыш күтпөйт да. Парктар күйүп жатат деп жатышат. Парктар эле эмес, шаардын бардык жери күйүп жатат. Газондор кургап калды. Ылдыйкы зонадагы парктар сугарылып жатат. Себеби аларга көп деле суу талап кылынбайт жана жер астындагы суулар бар. Ал эми жогорку зонадагы «Жеңиш», «Ынтымак» жана «Ата-Түрк» эс алуу бактары кургай баштады. Себеби суу жок. Ала-Арчада суу жок болсо биз кайдан алабыз? «Ынтымак» паркын болсо чакалап суу ташып сугардык. Анткени парктагы сугаруу системасынын бактарга күчү жетпейт. Ал газонго арналган сугаруу системасы. Ал эми парктагы күйгөн жер бизге караштуу эмес. Ошондуктан суу тартыш учурда биз башка бирөөнүн жерин сугара албайбыз».
Умуралиева өткөн жумадан тартып парктарга суу бериле баштаганын кошумчалады.
«Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Элнура Жолдошева калаадагы бак-дарактар каралбай калганына пандемиянын залакасы тийип жатканын белгиледи.
«Биздин кызматкерлер да ооруп жатышат. Бирок ошого карабай ар бир жумушчубуз, кызматкерибиз өзүнүн жумушун аткарып жатат. Быйыл суу маселеси бизге өтө чоң көйгөй болду. Анткени 8-июнда шаарга суу берүүнү токтотушкан. Бир айдан ашык убакыттан кийин, 10-июлда гана калаага суу бериле баштады. Жыл сайын ушундай болчу, бирок эки жумага жетпей эле суу кайра берилчү. Ошол себептен бак-дарактар кургап кетти. Мындай көрүнүш шаардын төрт районунда болду. Биз «Тазалык» ишканасынан суу ташуучу машинелерин сурап, бак-дарактарды сугарып жаттык. Болбосо дарактар кургап, абал мындан да оор болмок».
«Бишкек жашылдандыруу» чарбасы сугат иштери үчүн негизинен үч булактан суу алат. Алар: Ала-Арча суусу, Чыгыш чоң Чүй каналы жана Аламүдүн суусу.
Суу ресурстары боюнча мамлекетттик агенттик жыл башында эле быйыл суу тартыш болоорун эскерткен. Агенттиктин директорунун орун басары Абдурашид Жайлообаев буга дарыялардагы суунун көлөмү азайганы себеп болуп жатканын айтты.
«Быйыл суу аябай эле тартыш. Бишкек шаары Ала-Арча, Аламүдүн дарыяларынан суу алат. Июнь, июль айларында бул дарыяларда 60 пайызга жетпеген көлөмдө суу болду. Башка дарыяларды ала турган болсок, мисалы, Чоң Кемин дарыясынын суусунун агымы былтыр ушул учурда секундасына 44-47 куб болсо, быйыл секундасына 23-28 куб болуп жатат. Бул эки эсе аз. Ошол себептен суу аз болуп, ушундай кыйынчылык жаралды. Шаарга 4-июлдан баштап суу бериле баштады. Суу тартыштыгы Чүй облусунда болуп жатат. Андан сырткары Ош жана Жалал-Абад облустарында да суу тартыш болду. Калган облустарда суу жетиштүү».
Серепчилер калаадагы бак-дарактардын кургашына суу тартыштыгы гана эмес, борбордогу ирригация системасынын начардыгы да себеп болуп жатканын айтышат.
Суу маселеси боюнча серепчи Бараталы Кошматов калаанын сугаруу системасы чабал уюшулганына токтолду.
«Сууну жайып коюп жатышат. Ошону түтүк (труба) же шланга менен ар бир даракка жеткирип койсо, үнөмдүү болмок. Андан сырткары арыктар жакшы тазаланбай, суу көчөлөргө чыгып кетип жатат. Албетте, арыктарды оңдоп-түзөп жатышат. Бирок бул жетишсиз да. Ошон үчүн суу жетпей бак-дарактар кургап жатат. Негизи сугаруу системасын заманбап кылып, тамчылатып сугарууга өтүшүбүз керек. Суу аз болуп жатса, аны үнөмдүү пайдаланганды үйрөнүшүбүз керек. Калаада жада калса арыктарга келген суу туура пайдаланылбай, ашып-ташып көчөлөргө жайылып кетүүдө. Мындай көрүнүш жыл сайын болуп келет. Бирок жыл сайын анын алдын алуу иштери жасалбайт».
Бишкек шаарынын сугат системасын камсыздоо үчүн жылына 40 миллион 274 миң куб суу кетет.
«Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, быйыл Бишкекте эмен, зараң, ясень жана башка бак-дарактардын 8 миңден ашык көчөтү отургузулган. Дагы эки миңден ашык көчөттү күз айларында отургузуу пландалууда.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.