Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:43

Бишкек: Он күндө стационарларда 32 миң адам тейленди, тогуз бейтап каза болду


Бишкек. Күндүзгү стационар.
Бишкек. Күндүзгү стационар.

Бишкекте түнкүсүн иштөө үчүн жаңы ачылган эки стационарда 15-июлга караган түнү 282 бейтап тейленди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 220 орунга эсептелген түнкү эки стационар 14-июлда ачылды. Алар кечки 9дан эртең мененки 9га чейин иштейт.

Мындан тышкары мэрия 4-июлдан бери 12 күндүзгү стационар ачып, иштетип жатат. Аларда жалпысынан 31 миңден ашуун адамга жардам көрсөтүлүп, кеп-кеңеш берилди. 187 адам ооруканага жаткырылды, тогуз адам каза болду.

Эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеп жаткан күндүзгү стационарларда 229 дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана волонтер эмгектенүүдө.

Көз каранды эмес байкоочулар диагнозуна карабастан бейтаптардын баарын бир жерге топтоо кооптуу экенин, бири-бирине илдет жугуу коркунучу бар экенин айтууда.

Шаар бийлиги мындай кооптонууга негиз жок экенин, бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып жатканын, керебеттердин арасы эки метр жана ортосунда тосмо бар экенин билдирүүдө.

Июль айынын башында Бишкекте коронавирусту дарылоо үчүн ачылган ооруканаларда орун жетпей, көйгөй жаралгандыктан, шаар бийлиги кошумча стационарларды ача баштаган. Мэриянын маалыматына караганда, “Тез жардам” жетишпей жатса каалоочулар бул жайларга кайрылса болот.

Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан 571, коронавирустан 160 бейтап каза болду. Өкмөт Бишкекте жана Чүй облусунда абал оор экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG