Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:29

Окумуштуу Намазбеков: Хижама коронавирусту айыктырбайт


Хижама. Карачи, Пакистан. 10-июнь, 2013-жыл.
Хижама. Карачи, Пакистан. 10-июнь, 2013-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбетакун Намазбековдун хижама боюнча түшүндүрмөсүн жарыялады. Анда Намазбеков хижама ыкмасын коронавирус жана башка ооруларга колдонууга болбой турганын айтты.

“Хижаманы коронавирус жана башка оору болсо деле жасай берген туура эмес. Медицина боюнча дагы туура келбейт. Ал кээде гана атайын көрсөтмө менен колдонулат. Бирок аны медициналык билими бар, бардыгын жакшы үйрөнгөн адис жасашы керек. Бизде хижаманы медициналык билими жок молдолор, көзү ачыктар колдонуп жатат. Дарыгерлер бул ыкманы колдонгонун көрө элекмин”, - деди Намазбеков.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирустан өпкөсү кагынгандарга (пневмония) “хижама даба экени” тууралуу видео соцтармактарда тарап жатат. Айрым дарыгерлер бул ыкмага каршы чыгышты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да коронавирус менен күрөштө ар кандай кеңеш-сунуштарга ишенип, өз билгениндей дарылануудан баш тартууга үндөп келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG