Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

ДССУ: эрежелер сакталбаса, кырдаал оңолбойт


Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебресиус 13-июлда жасаган билдирүүсүндө көп мамлекеттер тазалык эрежелердин зарылдыгын этибарга албагандыктан, кырдаал жакында оңолбостугун билдирди.

Анын айтымында, милдеттүү түрдө сакталыш керек деген эрежелердин катарына беткап тагынуу, колду жууп туруу жана социалдык аралыкты сактоо кирет.

"Булар сакталбаса, жакынкы аралыкта жашоо мурдагы калыбына келбейт"-деди ал.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 13 миллиондон ашты, жарым миллионго жакын адам көз жумду.

Инфекциянын жайылышы боюнча АКШ, Бразилия, Индия алдыда. Индияда соңку бир сутка ичинде беш жүздөн көп киши көз жумду. Жалпысынан COVID-19 бул мамлекетте 24 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Пандемия алгач тутанган Кытайда ушул тапта коронавирус жугузуп алган үч жүздөй адам каттоодо турат. Үч киши сырттан жуктуруп келгени маалым болду. Кошмо Штаттар Кытайды башынан эле коронавируска кабылгандардын санын азайтып көрсөтүп, пандемиянын масштабы канчалык чоң экенин жашырган деп айыптап келет.

12-июлда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эки эксперти коронавирустун жайылышын иликтөө үчүн Кытайдын Ухань шаарына барган.

XS
SM
MD
LG