Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

“Sputnik Кыргызстандын” техникалык директору пневмониядан улам каза болду


Михаил Рогожин.
Михаил Рогожин.

“Sputnik Кыргызстан” агенттигинин директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары Михаил Рогожин 13-июлга караган түнү каза болду. Бул тууралуу аталган басылманын сайтында кабарланды.

Анда айтылгандай, журналистке эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган.

Михаил Рогожин “Sputnik Кыргызстан” агенттиги ачылгандан бери ал мекемеде иштеп келген. Ага чейин ар кайсы медиа каражаттарында эмгектенген. 1990-жылдары Бишкектеги телеканалдардын биринде шеф-редактор болгон.

Кыргыз-орус Славян университетинин Эл аралык журналистика кафедрасында окутуучулук милдетти да аркалаган. 2020-жылдын май айында 51 жашка чыккан.

“Азаттык” радиосунун жамааты маркумдун жакындарына жана “Sputnik Кыргызстан” агенттигинин жамаатына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG