Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:08

Казакстанда 99 миңдей адам пневмония менен катталды


Алматыда коронавируска тест алып жаткан медкызматкер. 8-июль, 2020-жыл. Казакстан.
Алматыда коронавируска тест алып жаткан медкызматкер. 8-июль, 2020-жыл. Казакстан.

Казакстанда июль айынын биринчи аптасында эле 40 миңдей киши пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Ал пневмония менен жабыркагандардын жарымынын анализинен коронавирус табылбаганын кошумчалады.

Министрдин айтымында, бул сан былтыркы жылдын ушул маалына караганда 2,3 эсе көп.

Цойдун айтымында, жыл башынан бери пневмониядан жабыркаган 99 миңдей адам катталган, илдеттен 1800гө жакын киши көз жумган. Ал эми расмий статистикага ылайык, кошуна өлкөдө коронавирус 55 миңдей кишиден аныкталган.

Казакстанда пневмония менен ооругандардын саны СOVID-19га кабылгандардын расмий статистикасына кошулган жок. Июль айынан бери коронавирустан өлгөндөрдүн саны жумасына бир ирет гана жарыяланат.

Казак бийлигинин бул кадамын эксперттер сынга алышып, "эпидемиянын чыныгы масштабын жашыруунун аракети" деп билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG