Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Финпол: Мурдагы министр Чолпонбаев экинчи жолку суракка келген жок


Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев экинчи жолку суракка барган жок. Бул тууралуу 10-июлда «Азаттыкка» Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди.

Анын айтымында, Чолпонбаев 9-июлда суракка чакырылган, бирок ден соолугуна байланыштуу бара албай турганын билдирген. Мурдагы министр бул мекемеде биринчи суракта 6-июлда болгон.

Пискурдун айтымында, Чолпонбаев коррупция жана фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча суралып жатат.

«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатат», - деди ал.

Чолпонбаев өзү териштирүү тууралуу комментарий бере элек.

Ушул эле иш боюнча Финполго мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да бүгүн, 10-июлда түштөн кийинки убакытка чакырылган.

Өмүрбекова жана Чолпонбаев 1-апрелде кызматтан бошотулган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы алар өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы күрөштө бир катар кемчиликтерди кетиргенин белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG