Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

Өзбекстан 10-июлдан тартып карантин чараларын күчөтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык комиссия 10-июлдан тартып 1-августка чейин карантин чараларын кайталап күчөтүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык, жолдогу кыймылга, аймак аралык каттамдарга чектөө киргизилет.

Мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин бир бөлүгү эмгек өргүүсүнө жөнөтүлөт, калгандары мүмкүн болушунча аралыктан иштегенге өтөт. Ошондой эле жыйындардын баары онлайн форматында гана уюштурулат.

1-августка чейин адамдар көп катышкан иш-чаралардын баарына, спорттук, көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлардын ишине тыюу салынат. Жашы улгайган, 65тен жогорку курактагы адамдар коомдук жайларга келбеши керек. Эл аралык аба каттамдары эки эсе азайтылат. Эл аралык жүк ташыган айдоочулар милдеттүү түрдө коронавируска тест тапшырышы керек болот.

Өзбекстан март айында киргизген карантинди акырындап жумшартып жаткан. Өткөн айдан тартып өлкөдө эпидемиологиялык абал начарлап, оору жуккан учурлар көбөйдү. Бул өлкөдө коронавируска 11 миңге чукул адамга кабылды, бул илдеттен 41 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG