Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:52

COVID-19: Бишкекте оору жугузгандар тез көбөйүүдө, пневмония боюнча көрсөткүч начар


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкек шаарында соңку эки жумадан бери коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп турат. Бул тууралуу 8-июлда баш калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча ооругандардын дээрлик жарымы Бишкекте, пневмонияга чалдыккандар мурдагы жылдарга салыштырганда бир нече эсе көп болуп жатат

«Оору жугузуп алгандар тез көбөйүп жатат, - деди ал. - Акыркы эки жумада кырдаал начарлай баштады. Бишкекте коронавирус менен ооругандар 3617 адам. Бул республика боюнча бардык ооругандардын 42%. Пневмония болгондор тез көбөйүп жатат. Акыркы жылдарга салыштырганда бир нече эсе көп».

Мэрдин айтымында, конуштарда да абал начар болуп турат, ал жакта коронавируска чалдыккандар 680 адам болду.

Суракматов сасык тумоо болуп же өпкөсүнөн кагынып ооругандар жаңы ачылып жаткан күндүзгү стационарларга кайрылышы керек экенин айтты. Мындай стационарлар бир нече күн мурда ар бир райондо бирден ачылган. Бүгүн дагы кошумча ачылып жатат.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Ошондон бери коронавирус 8486 адамдан табылып, алардын 112си кайтыш болду. Пневмония деген диагноз 3695 адамга коюлду, алардын ичинен 268 бейтап көз жумду. (RK)

XS
SM
MD
LG