Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Пахман: Коронавирустан каза болгондорду көмүү алгоритми бузулуп жатат


COVID-19 вирусунан каза болгон адам. Ооганстан. Июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
COVID-19 вирусунан каза болгон адам. Ооганстан. Июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19дан каза болгондорду жерге берүү боюнча буйругуна ылайык каза болгон адамды атайын автоунаа же катафалк менен алып барып, кепиндин сыртынан хлорго чыланган кездеме жана клеёнка менен ороп, диний ишмердин, эң жакын туугандарынын жана эпидемиолог дарыгердин көзөмөлүндө жерге бериш керек.

Бирок акыркы учурда вирус тастыкталбай, пневмониядан кайтыш болгондорду жакындары өздөрү эле көмө баштады. Республикалык паталогоанатомдук анализ бюросунун жетекчиси Валентина Пахман айрыкча айыл жергесинде тажия кадимкидей эле көп сандагы адамдардын катышуусу менен болуп жатканына кабатыр экенин айтты:

«Бул жерде кооптуу кишилер – маркумдун жакындары. Алар оорулуу менен байланышта болгон, вирусту алып жүрүүчү болушу мүмкүн. Биз моргдо сөөктү жууп, хлорамин менен тазалап, ороп берип жатабыз. Аны үйдөн экинчи ирет ачып, жууп кереги жок. Эң эле коркунучтуу учур – адамдардын маркум менен коштошобуз деп чогулганы. Андыктан сөөк эмес, анын жакындары кооптуу».

8-июлга карата Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан 13, пневмониядан 44 бейтап каза болду.

Жалпысынан 18-марттан 8-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8486 адамдан табылды, алардын ичинен 112 бейтап кайтыш болду, 2983 бейтап айыгып кетти.

Пневмониядан март айынан бери каза болгондор 268 кишиге жетти.

Кыргыз бийлиги коронавирустун жана пневмониянын расмий статистикасын бириктирүүнү пландап жатканын 8-июлда Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. (BCh/ZKo)

XS
SM
MD
LG