Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:28

Бишкектеги убактылуу стационарларга эки күндө 3,5 миңден ашуун адам кайрылды


Мектептеги күндүзгү стационар. Бишкек шаары. 8-июль, 2020-жыл.
Мектептеги күндүзгү стационар. Бишкек шаары. 8-июль, 2020-жыл.

Бишкек шаарынын төрт районуна ачылган күндүзгү стационардык борборлорго акыркы эки күндө 3,5 миңден ашуун адам кайрылды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, бул борборлорго кайрылган адамдар көп болгондуктан, ишкерлердин жардамы менен дагы кошумча төрт стационардык түйүн ачылды. Алар шаардагы мектептердин имаратына жайгаштырылды. Бул түйүндөр 9-июлдан тартып саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Стационарлардын даректери:

Биринчи май району: №83 мектеп, Патрисиа Лумумба көч.9;
Ленин району: №68 мектеп, Токтогул көч. 220;
Свердлов району: №94 мектеп, «Дордой-13» көч, 487/4 (Дордой конушу);
Октябрь району: «Сейтек» мектеби, Анкара көч, 1/10.

Бул стационарларга медициналык кеңеш алууга, ийне сайдырууга жана тамчылатып дары сайдырууга муктаж болгон адамдар кайрылса болот.

Мэриянын эскертүүсү боюнча, стационарлар оор абалдагы бейтаптар үчүн ылайыкташтырылган эмес.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылышы боюнча Бишкек шаары алдыда. 8-июлга карата өлкөдө коронавируска кабылганы аныкталган 345 адамдын 183ү Бишкектен. Шаардагы вируска чалдыккандар - 3617 киши, бул жалпы өлкөдө коронавирус жугузуп катталган 8486 адамдын дээрлик тең жарымы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG