Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

Боронов: Аймактарда дары-дармектердин запасы көбөйтүлөт


Бишкектеги спорт залдардын биринде кошумча ачылган оорукана. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги спорт залдардын биринде кошумча ачылган оорукана. Июль, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус менен пневмониянын күч алганына байланыштуу аймактардагы ооруканаларда медициналык жабдуулардын резервин көбөйтүүнү тапшырды.

«Бишкекте оорулуулардын көбөйгөнүнө байланыштуу бейтапканалар толуп, медициналык кызматкерлер жана жабдуулар жетишпей жатат. Ошондуктан аймактардын бийлик органдары мындайга азыртадан даярдык көрө баштоого тийиш. Бишкектегидей кырдаал кайталанбашы керек», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы бул үчүн жүргүзүлүүчү негизги иш багыттарын белгилеп, башкы орунга медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин койду.

Кубатбек Боронов аймактарды дары-дармек менен толук камсыз кылуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин Дары менен камсыздоо департаментине кайрылууну талап кылды.

Бишкекте коронавирус жана пневмония оорулары күч алганына байланыштуу жасалма дем алдыруучу аппараттар, кычкылтек концентратору, коргоочу жабдыктар жетишсиздиги анык болгон. Ал эми айрым дарылар, антибиотиктер дарыканаларда бир нече эселеп кымбаттаганы элдин нааразылыгын жараткан.

Ыктыярчылардын демилгеси менен кошумча стационардык орундар түзүлүп, медициналык жабдуулар алынып, аймактардан Бишкекке ондогон дарыгерлер ыктыярдуу түрдө иштегени келишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG