Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Ошто Санитардык көзөмөл борборунун дарыгери каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев 62 жашка караган курагында оорудан көз жумду. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маркумдун жакындарынын айтымында, дарыгер коронавируска кабылгандан кийин көз жумган. Расмий бийлик бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан республика боюнча COVID-19га 1225 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 515и айыгып кетти. Ооруканада жатып каза болгон дарыгерлердин расмий саны алтоо экени айтылууда.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

7-июлга карата Ош шаарында 32 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. 6-июлда 41 адам вирус жуктурган.

Жалпы пандемия башталгандан бери Ош шаарында 856 киши коронавируска чалдыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG