Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Генерал Сабырбек Курманалиев каза болду


Cабырбек Курманалиев
Cабырбек Курманалиев

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генералы Сабырбек Курманалиев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты. Маалыматка ылайык, 66 жаштагы генерал пневмонияга чалдыккан. Сөөгү Чүй облусундагы Дмитриевка айылында жерге берилмекчи.

Сабырбек Курманалиев Ички иштер органдарында 30 жылга жакын эмгектенген. Нарын, Чүй облуслук милиция башкармалыгын жетектеп, 2008-жылы ички иштер министринин орун басарлыгын аркалаган.

Кыргызстанда кийинки күндөрү коронавируска кабылган жана өпкөсү кагынган (пневмония) адамдардын саны көбөйдү. Ооруканаларда орун, жасалма дем алдыруучу аппараттардын жана кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 4-июлда өпкөсүнөн кагынып, ооруканада дарыланып жаткандардын 31и көз жумду. 3-июлда пневмониядан 23 адам каза болгон.

Жалпысынан март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 2508 болду, алардын 664ү айыгып кетти.

Март айынан бери пневмониядан каза болгондор 151 адамды түздү.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес эле COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG