Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Үч күндө пневмониядан 43 бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ооруканаларында соңку үч күндө өпкөсүнөн кагынып ооруган (пневмония) 43 бейтап кайтыш болду. Коронавируска каршы ыкчам штабдын 2-июлдагы маалыматына караганда, ошентип, март айынан бери бул илдеттен өмүрү кыйылгандардын жалпы саны 97 кишиге жетти.

Акыркы бир суткада каза болгондордун 13ү Бишкек шаарында экенин «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

29-июнда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов быйыл март айынан бери пневмониядан 54 адам кайтыш болгонун, алардын 48и Бишкекте экенин айткан.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Расмий маалыматка караганда, март айынан бери пневмония менен 1971 адам катталды, алардын 627си айыкты, 97си кайтыш болду, 1247си ооруканада жатат.

Ооруканадагылардын 337синин абалы оор, алардын 112си реанимацияда. (RK)

XS
SM
MD
LG