Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:32

Сузактагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сот чечими чыкты


Видеодон алынган кадр.
Видеодон алынган кадр.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялынын мойнуна дөңгөлөк асып алып сабаган киши күнөөлүү деп табылды. Сот аны эки жылга шарттуу түрдө кесип, сот залынан бошотту. Сузак райондук соту ушундай чечим чыгарганын 2-июлда Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюму билдирди.

Жалал-Абад облустук соту Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен шек саналган адам пробациялык көзөмөл менен эки жылга кесилгенин кабарлады.

Юристтердин түшүндүрмөсүнө караганда, пробациялык көзөмөл Жазык-процессуалдык кодекске жаңы киргизилген. Сот айыпталуучунун инсандык сапатын, жүрүм-турумун жана кылган кылмышынын кесепетин эске алып жаза берет. Соттун чечиминде өкүм чыккан адамга бир катар шарттар коюлат. Аны айыпталуучу так аткарышы керек. Эгерде аткарбаса, эркинен да ажыратылышы мүмкүн.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 51 жаштагы киши кармалган. Бул окуя коомчулукта катуу сынга кабылып, өкмөт үй-бүлөлүк зомбулук боюнча окуяны өз көзөмөлүнө алганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG