Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:16

"Абайлагыла, беткап кийгиле!" деп ооруканадан видео тараткан милиционер көз жумду


Бердибай Элакунов. Сүрөт анын видеосунан алынды.
Бердибай Элакунов. Сүрөт анын видеосунан алынды.

Бишкекте ооруканада жатып "Абайлагыла, бет кап кийгиле!" деп чөнтөк телефонуна жаздырган видеосу интернетте тараган адам 29-июнга караган түнү Улуттук госпиталда каза болду. Бул маалыматты "Азаттыкка" Бишкектин Ички иштер башкармалыгы тастыктап, ал адам Ленин райондук Криминалдык милициясынын ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов экенин билдирди:

"Болжолдуу маалымат боюнча, анын өлүмүнө пневмония оорусу себеп болгон. Элакунов Бердибай Билдебаевич 1983-жылы төрөлгөн. Ал 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын окуп бүтүргөн. 2010-жылдын январь айынан баштап ички иштер органдарында иштеп баштаган. 2019-жылы 29-майда Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери болгон".

Бир нече күн мурда социалдык түйүндөрдө атайын аппарат коюлуп, керебетте жаткан адамдын энтигип, араң сүйлөгөн видеосу тараган. Ал “Жигиттер, абайлагыла!Бул коркунучтуу оору экен. Бет кап кийгиле. Бул жакта, Улуттук госпиталда адам толуп кетиптир. Канчасын албай жатат. “Тез жардам” кайра-кайра ташып жатат" деген.

Бүгүнкү күнү жалпы өлкө боюнча канча милиция кызматкери коронавируска чалдыкканы тууралуу так маалымат жок. Апрель айында вирус жуктурган милиция кызматкерлеринин саны 70ке чукулдаганы кабарланган.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилгенде социалдык түйүндөрдө "Коронавирус жок" деген маалымат көп тараган жана мындай пикирдегилер дале көп.

Коронавирусту так аныктоо мүмкүн болбой жаткандыктан 29-июндан тартып Саламаттык сактоо министрлиги пневмония болгондорду да COVID-19 үчүн ачылган жайларга кабыл ала баштады.

Буга чейин өлкөнүн башкы пульмонологу азыр пневмония болуп жаткандардын баары коронавирус экенин айткан.(RK/ZKo)

XS
SM
MD
LG