Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:40

Улан Үсөйүн: Фейктерге эч ким ишенбей калды


"#РеАкция 3.0" акциясы. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.
"#РеАкция 3.0" акциясы. Бишкек. 29-июнь, 2020-жыл.

Жарандык активист Улан Үсөйүн "#Reакция 3.0" акциясына катышуу үчүн атайын айылдан келген. Ал бул тууралуу акция учурунда “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Улан Үсөйүн депутат Гүлшат Асылбаеванын мыйзам долбоору адамдарды Интернеттеги жалган маалыматтардан, ушак-жалаадан сактайт деген жүйөсү орунсуз деп эсептейт:

“Ушул тапта Интернеттеги фейктерге эч ким ишенбей калды. Интернет дээрлик ар бир адамдын колунда болуп, фейк аккаунт менен фейк маалыматты эл кадимкидей айырмалап калды. Ошондуктан азыр мындай мыйзамдын кереги жок”, -деди Улан Үсөйүн.

Активист бул мыйзам Кыргызстанда сөз эркиндигин ооздуктоодо бийликтин куралына айланышы ыктымалдыгын айтып, мамлекет башчыны бул мыйзамды колдобоого чакырды.

"#Reакция 3.0" деп аталган нааразылык акциясы бүгүн Бишкекте өтүп жатат. Акциянын катышуучулары "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришүүдө. "Эркиндик" гүлбагында башталган иш-чаранын катышуучулары жөө жүрүш менен Жогорку Кеңештин алдына келишти. Учурда акция Ак үйдүн алдында өтүп жатат.

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева тарабынан сунушталып, 14-майда коомдук талкууга чыгарылган. Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп сындап жатышат.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деген негиз келтиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG