Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:46

Өмүрбек Текебаев: “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү мыйзамга” каршымын


"Ата-Мекен" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев
"Ата-Мекен" саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев

Бул тууралуу "#Reакция 3.0" нааразылык акциясына катышуу үчүн чыккан “Ата-Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерге билдирди.

Саясатчынын пикиринде, коомдук пикир элди көзөмөлдөө институтуна айланган, ал эми интернет коомдун пикирин билдире турган көп кырдуу аянт жана коомчулук маалыматтын 80 пайызын интернеттен алат.

Сөз эркиндигисиз саясий атаандаштык болбойт, атаандаштык болмоюнча коомдун өнүгүшү мүмкүн эмес, ошондуктан, “президент бул мыйзамга кол койбошу керек” деди Текебаев.

Жаңы кабыл алынган мыйзам фейк маалыматтарды тыя албайт деп эсептеген саясатчы “биз бүгүн маалыматты тандаганга үйрөнүшүбүз керек” деди.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү мыйзамга” каршы "#Reакция 3.0" нааразылык акциясы Бишкек шаарындагы Темир жол бекетинин алдында башталып, “Эркиндик” гүлбагы аркылуу Парламент имаратын көздөй жөө жүрүш менен уланды. Алып баруучулардын маалыматына караганда акция борбордук аянтта билдирүү кабыл алуу менен аяктайт.

Нааразылык акциясына милиция көз салууда.

Жогорку Кеңеш 26-июнда “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзамды экинчи жана үчүнчү окулушунда 79 добуш менен кабыл алып, 10 депутат каршы добуш берген.

Мыйзамдын авторлору, депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова бул мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргойт деп, өз негиздерин келтирүүдө.

Мыйзам сөз эркиндигине каршы келет деп эсептеген коомчулук нааразылыктарын билдирип, байма-бай кайрылуулар менен чыгып, акцияларды уюштурууда.

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кириши керек. Коомчулук президентти мыйзамга вето коюуга үндөп жатат.

XS
SM
MD
LG