Авторлор: Эдил Байызбеков, Ырысбек Улукбек уулу
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш жана өкмөт Орусиянын мыйзамдарын
көчүрүп алары жөнүндө көп айтылат.
Биз бардык мыйзам долбоорлорго кеңири анализ жүргүзүп, чындап эле ушундай экенин аныктадык.
VI чакырылыштагы парламент иштей баштаган 2015-жылдын октябрынан бери Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталган 1277 мыйзам долбоорун талдадык.
«Ашыкчасын» алып салдык – омбдусмендин баяндамасы, бюджетке прогноз, айылдардын атын алмаштыруу, аудит жыйынтыгы жана башкалар.
805 мыйзам долбоору калды, арасында жаңылары да, мурдагы мыйзамдарга толуктоо киргизилгендери да бар.
40% мыйзамдардагы беренелер орус мыйзамдары менен окшош.
Ар тогузунчу мыйзамдын орус мыйзамдарына окшоштук деңгээли 40% жогору
17 мыйзам долбоору дээрлик толук көчүрүлгөн.
Адатта жазма иштерде плагиат 20% ашпашы керек, бирок мыйзам
долбоорлору үчүн эреже жок.
Ошондуктан, биз 40% жана андан ашкандарын алдык, 40%
жетпегендерди "байкалбаган" көчүрмө деп санайбыз.
Көчүрүп алуу деген эмне?
Орусиянын мыйзамдарынан беренелерди толугу менен же чоң бөлүгүн алуу.
Мисалы, депутат Гүлшат Асылбаеванын талаштуу «Балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирчү маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамын алалы.
Андагы 22 берененин
20сы орус мыйзамынын толук көчүрмөсү.
Өлкөнүн аталышында жана айрым терминдерде гана айырма бар.
Корутунду: Асылбаеванын мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамына 92% окшош.
Кээде ctrl+c жана ctrl+v баскычтарын басуу үчүн депутаттардын командасы иштешет.
«Электрондук колтамга жөнүндөгү» мыйзам долбоорун 18 депутат
"иштеп чыккан".
Алар Орусияда 2011-жылы кабыл алынган мыйзамдын 19 беренесин көчүрүшкөн.
«РФ» дегенди «КР» деп өзгөртүп, айрым жерлерин гана кыскартышкан.
Окшоштук – 91%.
Балким жөн эле дал келүүчүлүк? Жок.
Мыйзамдарды көчүрүшөт. Бүтүн бойдон же ар кыл документтердин бөлүктөрүнөн.
Мисалы - Геология боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылкы «Өндүрүш коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзам долбоору. Ал Орусиянын бир канча мыйзамдарынын негизинде жазылган.
Тексттин 68% көчүрүлгөн сөздөрдөн турат.
Мыйзам жазгандардын дээрлик баары көчүрөт.
Ар бир чекит – бир депутат. Канча жогорулаган сайын анын мыйзам долбоорундагы көчүрмөчүлүктүн орточо пайыздык эсеби көбөйөт. Туурасынан - демилгечинин мыйзам долбоорлорунун саны.
Дастан Бекешев – мыйзам жазуу жагынан активдүү. Бирок ал дээрлик көчүрбөйт - болгону 18%.
Анын коллегасы Жаныбек Исаев беш эле мыйзам долбоор сунуш кылган. Жазгандарынын 66% орусча мыйзамдарга окшош.
Самат Гульнара-Клара орус булактарынан 5 мыйзам долбоорунун текстинин 56% орус булактарынан алган.
Бакирдин Субанбеков жана Нурбек Тотонов эки эсе көбүрөөк көчүрүшөт.
Гүлшат Асылбаеванын бир канча долбоорлорундагы көчүрмөчүлүк көрсөткүчү 90% жогоору, бирок ал коллегасы Тынчтык Шайназаровго салыштырмарлуу эки эсе азыраак көчүргөн.
Мыйзам «уурдоо» - жакшыбы же жаманбы?
Негизинен алганда, мыйзам көчүрүүнү плагиат дегенге болбойт. Мыйзам – интеллектуалдык менчик эмес.
Сөз башкада, Кыргызстан орус мыйзамдарына ылайыкташууда.
Бийлик кыргызстандыктарга керектүү мыйзамдарды өз алдынча иштеп чыкпайт.
Демилгечи депутаттар өздөрү сунуш кылган мыйзам долбоорлордун маанисин түшүнбөгөн учурлар да кездешет.
Депутат Марлен Маматалиев өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзамга толуктоо киргизген демилгечилердин арасынан өзүнүн аты-жөнүн алып салууну суранган. Ал документти иштеп чыгуу нары турсун, окуган эместигин моюнга алган.
Аталган мыйзам долбоору Орусиянын ушул өңүттөгү мыйзамынан аз гана айырма менен көчүрүлгөн.
Поправки в закон КР
Закон РФ «О некоммерческих организациях»
«Статья 17. Открытость некоммерческой организации
1. Некоммерческая организация предоставляет информацию о своей
деятельности
уполномоченному органу,
осуществляющему регистрацию юридических лиц, уполномоченному органу
в области
официальной статистики и
органам налоговой службы, учредителям в соответствии с
законодательством Кыргызской Республики и
учредительными документами некоммерческой организации.
Размеры и структура доходов некоммерческой организации, а также сведения о размерах и
составе имущества
некоммерческой организации, ее расходах, численности и составе работников, об оплате их
труда,
использовании
безвозмездного труда граждан в деятельности некоммерческой организации не могут быть
предметом
коммерческой
тайны.
2. Некоммерческая организация, осуществляющая деятельность за счет денежных и материальных
средств,
предоставленных на безвозмездной основе, ежегодно до 1 апреля представляет на специализированном
сайте
уполномоченного органа, осуществляющего регистрацию юридических лиц, информацию об источниках
формирования и
направлениях расходования имущества.
Форма и порядок предоставления информации определяется Правительством Кыргызской Республики.».
Некоммерческая организация предоставляет информацию о своей деятельности
органам государственной статистики
и налоговым органам, учредителям и иным лицам в соответствии
с
законодательством Российской Федерации и
учредительными документами некоммерческой организации.
Размеры и структура доходов некоммерческой организации, а также сведения
о размерах
и составе имущества
некоммерческой организации, о ее расходах, численности и составе работников, об оплате их
труда, об
использовании безвозмездного труда граждан в деятельности некоммерческой организации не
могут быть
предметом
коммерческой тайны
Гүлшат Асылбаева болсо «Электрондук колтамга» жөнүндөгү мыйзамга толуктоо киргизүү сунушунда «федералдык орган» деген жерин алып коюуну унуткан.
Өкмөт Кыргызстанда «Федералдык орган» жоктугун айтып, аны колдоодон баш тарткан.
Статья 1
...
16) подтверждение владения ключом электронной подписи - получение удостоверяющим
центром, уполномоченным федеральным органом доказательств того,
что лицо,
обратившееся за получением
сертификата ключа проверки электронной подписи, владеет ключом электронной подписи, который
соответствует
ключу проверки электронной подписи, указанному таким лицом для получения сертификата;
...
Бирок мурдагы депутат, Борбордук шайлоо
комиссиясынын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков орус мыйзамдарын көчүрүү зарыл деп ойлойт:
«Биз ЕАЭБге мүчөбүз. Нормативдик-укуктук актыларыбыз окшош болгондо гана союз түптөлөт».
Депутат Айнура Осмонова болсо «плагиат» деген сөздү колдонгон журналист менен соттошорун билдирген. .
Контекст
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы дарегине көп айтылган сын менен тарыхка кирүүдө.
Депутаттардын компетенттүүлүгүнүн төмөндүгү жана элге каршы мыйзамдары үчүн нааразылыктар бар.
Бул маалыматтар учурдагы парламенттин ишин ачык көрсөтүп турат.
Методология
Биз Жогорку Кеңештин сайтындагы бардык мыйзам долбоорлорун* жана алгачкы редакциясынын толуктоолорун алдык.
Интернеттен окшош тексттерди таап берчү text.ru сервисинин жардамында мыйзамдардын 17790 беренесин копипастка текшердик.
Көчүрмөчүлүк деңгээли 40% ашкан беренелерди санадык жана маалыматтардын баарын каалоочуларга жеткиликтүү кылдык.
*Маалыматтар 2020-жылдын 17-июнунда алынган. Арасынан омбудсмендин баяндамасын, бюджетке прогноз, айыл-кыштактардын атын өзгөртүү, аудит жыйынтыгы ж.б. алып салдык. Мыйзам долбоорлорго толуктоо киргизүү жаатындагы тексттердин VI чакырылыш иштегенден беркилери гана бар.
Авторлор:
Эдил Байызбеков жана Ырысбек Улукбек уулу
Код+анализ+дизайн:
Эдил Байызбеков