Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

"Тез жардам": Жайында пневмония катталчу эмес, азыр суткасына элүүдөн ашып жатат


Бейтапты карап жаткан дарыгер. Бишкек, июнь, 2020-жыл.
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Бишкек, июнь, 2020-жыл.

Бишкектин “Тез жардам” кызматына кайрылгандардын арасынан өпкөсү кагынган (пневмония) адамдардын саны соңку күндөрү кескин көбөйдү. Бул тууралуу 26-июнда “Азаттык” радиосуна Ыкчам медицина борборунун (“Тез жардам”) жетекчиси Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, жай мезгилинде мындай диагноз менен кайрылгандар такыр катталчу эмес, башка убактарда бир күндө ашып кетсе үч учур болчу:

“Пневмония 24-июнда 57 болчу, кечээ, 25-июнда 48 болду. Биз пневмония деп жатабыз, бирок өлкөнүн башкы пульмонологу коронавирус болгондо ошентет деп айтып жатат. Адатта пневмония суткасына бир-эки, ашып кетсе үч киши болчу. Жайында такыр жок болчу да! 1,5 ай мурда суткасына беш-алты учур каттала баштаганда ооруканаларда кошумча орундарды ачуу керектигин айтып, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылгам”.

Москвага Жеңиш парадына барган кыргызстандык расмий делегациядан коронавирус табылгандан кийин Кыргызстанда жасалып жаткан анализдин тактыгы суроо жарата баштады. Көз каранды эмес адистер таза чыккан анализдин 30-40% жалган экенин айтып жатышат.

Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө коронавирус 4204 адамдан табылды, алардын ичинен 43 бейтап кайтыш болду, 2162си айыгып кетти.

Бишкекте коронавируска чалдыккандар алгач инфекциялык ооруканага жаткырылып жаткан, ал жакта орун жетишпегендиктен жана өпкөсүнөн кагынгандар көп болуп жаткандыктан, бейтаптар Фтизиатриялык борбордо, 6-ооруканада, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын ооруканасында даярдалган өзүнчө орундарга жана Кыргыз-түрк ооруканасына жаткырылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG