Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:59

Euronews: Кыргызстан Европа аймагына кирүүгө уруксат берүүчү баштапкы тизмеге кирбей калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан, жакынкы кошуна республикалардан айырмаланып, 1-июлдан тартып Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө уруксат берилүүчү өлкөлөрдүн баштапкы тизмесине кирген жок. Бул тууралуу маалыматты Euronews агенттиги жарыялап, тизме 25-июнда Брюсселде уюмдун өкүлдөрүнүн жыйынында талкууланганын кабарлады:

“Бейшемби күнү европалык чиновниктер кайсы өлкөлөргө уруксат берилбей турганы боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Сүйлөшүүлөр жума күнү да уланат”.

Ошону менен катар Euronews агенттигинин Европа Биримдигиндеги жеке булактары уюмдун тышкы чек арасы 1-июлдан тартып ачыларынан күмөнү бар экенин айтышкан.

Уруксат берилгени жаткан өлкөлөрдүн тизмесинде 50дөн ашуун мамлекет бар. Кыргызстандын аймактагы кошуналары – Казакстан, Тажикстан, Түрмөнстан жана Өзбекстан бул тизмеге кирди.

Тизме ар бир өлкөдөгү коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалды эске алуу менен түзүлгөн.

“Азаттык” бул маселе боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, азырынча комментарий жоктугу тууралуу жооп алды.

Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Евроба Биримдигине кирген өлкөлөр чек арасын жаап, бардык каттамдарды токтоткон. Бул чектөөлөр азыр акырындап алынууда. (RK)

XS
SM
MD
LG