Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

ЖЭБ иши: Жогорку сот экс-министрлерге баштапкы өкүмдү күчүндө калтырды


ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай).
ЖЭБ боюнча айыпталуучулар. Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов (солдон оңго карай).

Жогорку сот Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Бишкек шаардык сотунун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку соттун басма сөз кызматы жиберген маалыматта Бишкек шаардык сотунун Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Ольга Лавровага карата 23-мартта чыгарган чечиминин материалдык зыянды өндүрүү боюнча бөлүгү өзгөртүлгөнү жазылат.

Жогорку соттун бүтүмүнө ылайык, соттолуучулардан Финансы министрлигинин пайдасына 5 миллиард сомдон ашык материалдык зыянды өндүрүү деген бөлүгү “ортоктош түрдө” деген сөздөр менен толукталган. Ал эми өкүмдүн калган бөлүгү күчүндө калтырылган. Тактап айтканда, прокурордун кассациялык сунушу жана жактоочулардын даттануулары канааттандыруусуз калтырылган.

23-мартта Бишкек шаардык соту Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу райондук соттун өкүмүн бир аз өзгөртүп, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин абак мөөнөтүн бир жылга кыскартып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлкүн камоодон чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Райондук сот чыгарган өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүлгөн эмес.

2019-жылдын декабрында Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга түрмөгө кесилген.

Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулган.

Райондук судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да күнөөлүү деп таап, аларга 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеген. Бирок тергөө абагында отурган убакытты эске алып, аларды сот залынан бошоткон.

Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG