Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:53

Кыргызстанда COVID-19 100 адамдан жаңы аныкталды, бул эң жогорку көрсөткүч (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 100 адамдан жаңы аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус алгач катталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Вирус аныкталгандардын көптүгү жагынан Бишкек шаары алдыда экенин 16-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

  • Бишкек шаары – 57
  • Ош шаары - 11
  • Чүй облусу – 11
  • Нарын облусу – 9
  • Ош облусу – 6
  • Талас облусу - 3
  • Ысык-Көл облусу – 2
  • Жалал-Абад облусу - 1

Брифингдеги маалымат боюнча 16-июнда коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 34 бейтап айыгып, үйүнө чыкты. Алардын тогузу Бишкектен, Чүйдөн 17, Нарындан 4, үчөө Ош шаарынан жана бирөө Жалал-Абад облусунан.

18-марттан 16-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2472 адамдан табылды, алардын ичинен 28 бейтап кайтыш болду, 1844 бейтап айыкты.

Коронавирус жуктурган 597 адам ооруканада. 32 адам оор абалда жатат, 6 киши жандандыруу бөлүмүндө. 110 адамдын абалы орточо оор деп бааланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG