Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Өкмөт башчы Абылгазиев кызматтан кетти


Мухаммедкалый Абылгазиев
Мухаммедкалый Абылгазиев

16-июнда президент Жээнбеков өкмөт башчынын отставкасын кабыл алды. Президенттин жарлыгына ылайык, кыргыз өкмөтү толук курамы менен кызматтан кетти.

Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда жазган. Ал мындай чечимди радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кабыл алганын билдирди. Өкмөттүн сайтына чыккан арызда мындай деп белгиленген:

“Иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүн өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл. Ал эми белгисиздик абалы өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоол болот. Ушул өңүттөн алып караганда мен премьер-министрдин ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым”, - деди Абылгазиев.

Абылгазиев радио жыштык боюнча кылмыш ишинде эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеген.

“Буга чейин да айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз болуп саналат. Менин эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем”, - деп Абылгазиевдин арызында жазылат.

Абылгазиев буга чейин колдоо көрсөткөн президентке, парламентке ыраазычылык билдирди.


27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Ал «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин, укук коргоо органдары тез арада буга анын катышы барбы же жокпу, иликтеши керек» деген талап койгон.

Көп өтпөй өкмөттүк аппарат депутаттын суроосуна жооп берип, «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш тармагындагы мыйзам бузууга катышы болушу мүмкүн экендиги тууралуу депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп билдирген.


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айтел» ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы 24-майда белгилүү болгон.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуу коррупциялык иштер боюнча Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) биргелешип тергөө ишин жүргүзүүдө.

Кылмышка шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 12-майда камакка алынган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Кийин УКМКнын жетекчисинин орун басары баштаган бир нече кызматкери бул кылмышка шектүү катары камалган. 15-июнда “Ала-ТВ” ишканасынын негиздөөчүсү Артур Халдаров радио жыштык чатагына байланыштуу кармалып, камакка алынды.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG