Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

COVID-19: Улуттук банк коммерциялык банктарга 1 млрд. сом насыя берет


Улуттук банк.
Улуттук банк.

COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада орун алган терс натыйжаларды жөнгө салуу максатында Улуттук банк Кыргызстандагы коммерциялык банктарга 1 миллиард сом суммасында насыя берет. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында кабарланды.

Анда айтылгандай, насыя 19-июнда аукцион аркылуу таратылат. Аукциондун параметрлери дагы аныкталмакчы.

Кошумча каржы алган банктар аны ишкердик субъектилерди кредиттөөгө, анын ичинде жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылууга жумшашы керек.

Учурда Кыргызстанда 23 банк, ал эми чакан насыя уюмдарынын саны 142, анын алтоо ири компания болуп саналат. (ErN)

XS
SM
MD
LG