Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы онлайн митинг өтөт


Сузактагы кордук көргөн аялдын окуясынан кийин Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.
Сузактагы кордук көргөн аялдын окуясынан кийин Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.

Акция «Инстаграм» аркылуу @tajadymm деп аталган баракчада 14-июнь күнү саат 21:00дө өтөт. Уюштуруучулардын бири Чолпон Абдрахманова митингде алып баруучу Назира Айтбекова, ырчы жана активист Зере Асылбек кызы жана башка спикерлер сөз сүйлөй турганын айтты.

«Үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча акыркы окуялар биздин жүрөгүбүзгө тийди. Ошондуктан бул маселени талкуулап, ушуга окшогон жаман көрүнүштөрдү айыптоо максатында онлайн митинг өткөргөнү жатабыз», - деди Абдрахманова.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы адам 13-июнда 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын катуу жазаланышын талап кылышууда.

Өкмөт Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын өз көзөмөлүнө алганын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG