Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Сузакта аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы айылдардын биринде аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы тургун кармалды. Облустук милициянын басма сөз кызматы Жазык кодексинин “Уруп-согуп кыйноо” беренеси менен катталган иштин алкагында 11-июнда кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдады. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши мойнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, бетине чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

ИИМдин маалыматында быйыл жыл башынан бери өлкөдө 2019 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырганда 65% арбын.

2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган. (RsK)

XS
SM
MD
LG