Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Флойддун бир тууганы Конгресске кайрылды


Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты, 9-июнь 2020-жыл.
Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты, 9-июнь 2020-жыл.

Жорж Флойддун иниси афроамерикалыктарга полициянын кысымын токтотууну талап кылды. Филониз Флойд 10-июнда Конгресске кайрылып, АКШда "түстүүлөрдүн оорусун" - полиция тарабынан кысымды токтотууга чакырды. "Сураныч, бизди угуп койгула. Биздин үй-бүлөнү, дүйнөнүн бардык көчөлөрүндөгү үнүбүздү угуп койгула" деди ал.

Филониз Флойд Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Юридикалык комитетинде көрсөтмө берди. Демократтар көзөмөлдөгөн палатанын бул комитети полициянын зомбулугуна жана расалык теңсиздикке байланыштуу мыйзамдардын долбоорун даярдап жатат. Документ 4-июлда же АКШнын эгемендик күнүндө Өкүлдөр палатасынын жалпы жыйынына сунушталат.

46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд 25-майда полиция кармагандан кийин өлгөн. 9-июнда анын сөөгү туулган жери Хьюстон шаарында жерге берилди.

Жорж Флойддун өлүмү АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө расалык теңсиздикке каршы нааразылык акцияларына себеп болду. Интернетте аны полициячы мойнунан тизеси менен басып турган тасма тараган соң, 26-майдан тартып АКШнын дээрлик бардык штаттарында нааразылык акциялары өттү. Айрым шаарларда тынч митингдер башаламандыкка айланып, автоунаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолду.

Акүй расалык теңсиздикти жоюу үчүн реформалар жүргүзүлөрүн убада кылууда.

XS
SM
MD
LG