Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Ош базары коронавирус чыкканына байланыштуу убактылуу жабылат (видео)


"Ош" базары.
"Ош" базары.

Бишкектеги Ош базары убактылуу жабылат. Бул тууралуу 10-июнда борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди. Анын айтымында, коронавирус табылганына байланыштуу базар дезинфекциялоого качан жабылары жакында белгилүү болот:

“Ош базарында да чыкты. Аз күндө ал боюнча маселе көтөрүлөт. Базарларга, чоң соода борборлоруна эскерте кетет элем – эгерде вирус силерде табылса, биз аргасыздан жабууга милдеттүү болобуз жана жабабыз. Ош базары качан жабылып, качан ачылары тууралуу маселе чечилип жатат".

Алымкуловдун айтымында, бүгүнтөн тартып үч күнгө “Орто-Сай” базары жабылды. Ошондой эле "Centre Bar" жана "LIVE BAR" караоке-барларынын, "Ыр-Кесе" кафесинин, "BootCamp" компьютердик оюн клубунун иши токтотулду.

Вице-мэр белгилегендей, азыркы кезде коронавирус чыккан базарларда дезинфекциялоо иштерин мамлекеттик кызматтар жүргүзүп жатат, бирок мындан ары ошондой учур катталган базар же соода борборунун администрациясы бул ишти өз алдынча жасоого милдеттендирилет.

Жалпысынан 18-марттан 10-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 2093 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1572 бейтап айыгып кетти. Бишкек шаары оору жуккандардын саны боюнча алдыда турат – 674 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG