Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Депутат Нурбек Тотонов жайыттарды тез арада тактоого өкмөттү чакырды (видео)


Соң-Көл жайлоосу. 2-август, 2015-жыл.
Соң-Көл жайлоосу. 2-август, 2015-жыл.

Жогорку Кеңештин 10-июндагы жалпы жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Нурбек Тотонов Кыргызстандагы жайыт маселесин козгоду. Ал жайытка байланыштуу район аралык чыр-чатак көп орун алып жатканына көңүл буруп, аны чечүүгө өкмөттү чакырды.

«Токтогул районунда да чырга себеп болгон жерлер бар. Жайыттарды элди эки-экиден чабышканга жеткирбей эле тактап берип койбойлубу. Ар биринин жайытын тактап берип коюш керек. Качантан бери көтөрүлүп келатат, бирок чечиле элек. Эл да улам сурап жатат. Чырга себеп болгон жерлерди дароо тактап берип, калганын шашпай тактаса болот».

Жыйында айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргызстанда малдын саны көбөйүп жаткандыктан жайыт талаш чыгып жатканын, депутаттар айткан сунуш, сын-пикирлер эске алына турганын айтты.

5-6-июнда Нарын облусундагы Нарын жана Кочкор районунун малчылыры жайыт талаштын айынан жолду тосушкан. Алардын чыры жакалашып, урушканга чейин жеткен.

Аймакта жайыт талашка эки жылдан бери чекит коюла элек. (NT)

XS
SM
MD
LG