Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков элге кайрылды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурган саясатчы Равшан Жээнбеков 8-июнда кат аркылуу Кыргызстандагы коомдук ишмерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына, айылдаштарына, эркин журналисттерге жана пикирлештерине кайрылды. Анда ал тарапкерлерине өзүн боштондукка чыгарууну суранып жатканы үчүн ыраазычылык билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча күнөөсү жок экенин, бурмаланган, жалган көрсөтмөлөр менен камалып кеткенин жазган.

"УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура жана сот системасы мурдагыдай эле президентке кызмат кылып, саясий оппоненттерин жок кылууга жан үрөшүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков жана анын командасы өлкөнү саясий, экономикалык жана интеллектуалдык деградацияга алып келди. Бирок ал жана анын командасы бир багытта чоң ийгиликтерге жетишти. Бийликке келген үч жылда аларга жакпаган, саясий оппонент боло алчу, башка көз караштагы, бийликти сындаган саясатчыларды, жарандык коомду, активдүү жарандарды жана эгемендүү журналисттерди камап, коркутуп, ооздорун жабышты" деп жазылган Равшан Жээнбековдун катында.

Президенттик аппарат, укук коргоо органдары бул кайрылууга комментарий бере элек.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

Бишкек шаардык соту анын камакта калуу мөөнөтүн 18-июлга чейин узарткан. Сот саясатчынын үй камагына чыгаруу тууралуу арызын 8-июнда карап, канагаттандырган жок.

Буга чейин бир катар коомдук ишмерлер, тарапкерлери Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Бул үчүн ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. (NT)

XS
SM
MD
LG