Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Штаб: тойлордо, тажияларда инфекция жайылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери той-топур маалында COVID-19 илдетин жуктуруп алган адамдар көбөйүп жатканын билдиришти.

Адистер үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, жарандар кайдыгер мамиле жасап жатканын белгилешти. Акыркы учурда жарандар илдетти тойлордо, тажияларда жуктуруп жатышат.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселени көзөмөлгө алуу керек экенин белгилеп, борбор калаада эпидемиологиялык иштер жетишсиз жүргүзүлүп жатканын сынга алды.

Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүүгө же аларды күчөтүү маселесин карап чыгууга алып келет”, - деди Боронов.

7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 2007 адамдан табылды, алардын ичинен 1425 бейтап сакайып чыкты. COVID-19 вирусу табылган 22 бейтап кайтыш болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG