Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Мирзиёев: Сохтогу окуя кыргыз эли менен достук мамилеге таасир этпеши керек


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

6-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусундагы тургундар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылындагы тургундарынын окуясына токтолду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын кабарлашынча, Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя кыргыз эли менен болгон достук мамилеге таасир этпеши керек деп айтты.

“Акыркы жылдары коңшу өлкөлөр менен чек арадагы көптөгөн маселелерди чечүүгө жетиштик. Сохтогу окуя биздин кыргыз эли менен достугубузга, мамилебизге, жалпы пландарыбызга таасир этпеши керек. Биз сабырдуу, чыдамдуу, кайрымдуу болушубуз керек. Кошуна – миң жылдык. Эки эл ийиндеше жашап, бири-бирин сыйлашы керек”, - деди өзбек президенти.

Окуядан кийин 1-июнда премьер-министр Абдулла Арипов Сохтун жашоочулары менен жолуккан. Анда жергиликтүү тургундар Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиевди кызматтан алууну жана жайыт маселесин чечүүнү талап кылышкан. Өзбек бийлиги Сох районундагы маселелерди чечүү үчүн 10 млн. доллар бөлүнөөрүн кабарлаган.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан чыр чыккан. Эки тарап бири-бирине таш ыргытканы кабарланган. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. «Азаттыктын» өзбек кызматы өзбек тараптан 187 киши жараат алганын жазган.

Аймактагы соңку жагдайды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

XS
SM
MD
LG