Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:17

Жогорку сот: секелекти зордуктоого шектүү үй камагына алынган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Жогорку соту парламент депутаты Айсулуу Мамашеванын секелекти зордуктаган адамдын сотто акталышы тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Маалыматка караганда, бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында.

Окуя боюнча иликтөө аяктагандан кийин иш сотко өткөн. Бишкектин Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку соттун өндүрүшүндө экени жана каралып жатканы белгилүү болду.

Депутат Айсулуу Мамашова 4-июндагы сессияда Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айтып чыккан.

«Экспертизанын жыйынтыгы болгонуна карабай шектүүнү актап коюшту. 22 жаштагы бул адам мурда балдар лагеринде иштегенде да зордуктоо фактысы болгон экен. Бирок ал эркиндикте жүрөт. Прокурорлор жаш кыздын укугун коргой алышкан эмес. Зордукчулар түрмөдө отурушу керек эле».

Мамашева Жогорку сотту бул ишти карап, акыйкат чечим чыгарууга чакырган.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматына караганда, 2019-жылы зордуктоо боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 767 кылмыш иши катталдса, анын 100ү гана сотко жеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG